Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-январы № 2/7
Сары-Таш айылдык Кеңешинин печать-штампын алуу үчүн
айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сары-Таш айылдык Кенешинин печать-штампын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сары-Таш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айылдык Кенешинин печать-штампын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын салыктарынан ашыкча аткарылган акча каражатынын эсебинен 15 000 (Он беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Жогоруда көрсөтүлгөн 15 000 сомдун , 10 000 (Он мин) сом акча каражаты Алай райондук салык инспекциясына жазана үчүн которулуп берилсин.
3.Калган 5000 (беш мин) сом акча каражаты печать-штамп алуу үчүн келишимдин негизинде “Дастан-Юг” ЖЧКсына которулуп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы - Н. Бекмурзаевага милдеттендирилсин.
5. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы -
Б. Тойматовго жүктөлсүн.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |