Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-январы № 2/8
Сары-Таш айылдык Кеңеши тарабынан
кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик
тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартында мыйзам күчүнө киргендигинин, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү админстрациялык – аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алынышына жол берилет” деп көрсөтүлгөндүгүнө негиз жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин аймагында жашаган адамдардын баары мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык Кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилде которбой Ош облусунун жана Ош шаардык юстиция министрлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айылдык Кеңешиин Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну жана муниципалдык кызматты көзөмөлдөө, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |