Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 25-июну № 5/2
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2012-жылда киреше бөлүгүнөн кошумча түшкөн акча
каражатынын 2013-жылдын 1-январына калган калдыгын зарыл болгон керектүү
статьяларга жылдырып берүү жөнүндө
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Тойматовдун №39 Сары-Таш орто мектебине көмүр кампа курууга өздүк салым үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап жана талкуулап
Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын киреше бөлүгүнөн кошумча түшкөн акча каражатынан 2013-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен төмөндөгү статьяга иштетүүгө уруксат берилсин.
Раздел | Статья | сумма | Эмне үчүн |
709 | 3111 | 61085,67 | Башка имараттарды капиталдык оңдоо |
2. Бүл токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана статьялар боюнча туура, так мыйзамдуу чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн статьяларга кошумча план киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысы Б.Тойматовго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |