Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-октябры № 7
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын
22-августундагы №181 катынын аткарылышын камсыз кылуу тууралуу
Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын
22-августундагы №181 катынын аткарылышын камсыз кылууда окуу курстарына катышкандыгы үчүн Айылдык Кеңештин төрагасына сапар чыгымын төлөп берүү тууралуу Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы №285-токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адистигин жогорулатуу боюнча 2013-жылдын 7-октябрынан 19-октябрына чейинки убакта Ош шаарына барып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери» аталыштагы окуу курстарына катышып келгендиги үчүн Сары-Таш Айылдык Кеңешинин төрагасы Эсенбаев Сагынбекке сапар чыгымына 9650 (Тогуз миң алты жүз элүү) сом акча каражаты Айыл Өкмөттүн бюджетинин киреше бөлүгүнөн төлөнүп берилсин.
2. Сапар чыгымына көрсөтүлгөн акча каражатын төлөп берүү жагы ФЭБ башчысы Н. Бекмурзаевага милдеттендирилсин.
3. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл Өкмөт башчысы Б. Тойматовго жүктөлсүн.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |