Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 23-декабры № 10
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2013-жылда аукцион аркылуу жер сатуудан түшкөн акча каражатын зарыл болгон керектүү статьяларга бөлүп берүү жөнүндө
Сары-Таш айыл Өкмөтүнүн башчысы Тойматовдун “Алтын Бешик-Жибек жолу” балдар бакчасынын жылытуу системасын, кошумча тайпа ачылгандыгына байланыштуу кайра башынан куруу үчүн акча каражатын карап берүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап жана талкуулап чыгып
Сары-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын киреше бөлүгүнөн кошумча (пландан ашыкча) түшкөн акча каражатынын эсебинен зарыл болгон төмөндөгү статьяга иштетүүгө уруксат берилсин.
Раздел Статья Сумма Эмне учун
709 дет сад 3111 323 700 жылытуу системасын капиталдык ондоо
II. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн статьяларга кошумча план киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
III. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана статьялар боюнча максаттуу, так мыйзамдуу чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
IV. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөттүн башчысы Тойматовго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |