Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы № 14/7
1.Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин 2013-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2.Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетине ар бир малдын башына төмөндөгүдөй жайыт салыгы бекитилсин.
1.Жылкыга ( 1 башка) – 50 сом.
2.Бодо малга ( 1 башка ) – 50 сом.
3.Майда жандыкка ( 1 башка ) -10 сом.
3.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагына, башка айыл өкмөттүн аймагынан алып келинген ар бир малдын башына төмөндөгүдөй жайыт салыгы бекитилсин.
1.Жылкыга ( 1 башка) – 150 сом.
2. Бодо малга ( 1 башка ) – 150 сом.
3.Майда жандыкка ( 1 башка ) -30 сом.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Асановго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |