САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII заседаниеси
2014-жылдын 31-июлу № 17
Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Кытай эл Республикасына өтүүчү жогорку басымдагы магистралдык газ өткөрүүчү түтүгүн алып өтүүдө жер тилкелерин аныктоо боюнча комиссиянын төрагасы И.Эсеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Кытай эл Республикасына өтүүчү жогорку басымдагы магистралдык газ өткөрүүчү түтүгүн алып өтүүдө жер тилкелерин аныктоо боюнча комиссиянын отурумунун 2014-жылдын 30-июлундагы № 1 протоколунун негизинде Сары-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын XVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Ош областына караштуу Алай районунун Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу Кытай эл Республикасына өтүүчү жогорку басымдагы магистралдык газ өткөрүүчү түтүгү Талды-Суу айыл өкмөтүнүн аймагы менен чектешкен Ош-Сары-Таш-Бордөбө автожолунан тартып Ничке,Горумду,Кургак жайыттары,Тоңмурун участкасы аркылуу Кытай эл Республикасынын чек арасына чейин өткөрүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Т.Сарпашов өткөргөн 2014-жылдын 11-июлундагы жыйыныны № 15-64 сандуу протоколунда көрсөтүлгөн комиссия мүчөлөрү жана Ош областынын Алай районунун бийлик өкүлдөрү,жумушчу комиссиясынын катышуусу менен бирдикте,мурдагы “Транс-Кыргыз Газ” “Паплайн компания лимитед” жоопкерчилиги чектелген компаниясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы даярдаган маршруттук долбооруна,комиссиянын чечиминин негизинде Сары-Таш айыл өкмөтүнүн аймагынан өтүүчү аралыктын баштагы картасы өзгөртүүсүз калгандыгын Сары-Таш айылдык кеңеши кубаттайт.
3.Ушул токтомго ылайык иш жүргүзүү жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Сары-Таш айылдык Кеңешинин экономика,инвестицияларды тартуу,жер жана агрардык реформа,өнөр жай,курулуш жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |