Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-майы № 18
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн эски
имаратын бузуудан чыккан курулуш
материалдарын бөлүштүрүү жөнүндө
1. 2013-жылы октябрь айында Сары-Таш айыл өкмөтүнүн эски имаратын бузуудан чыккан жарактуу курулуш материалдары “Алтын Бешик Жибек Жолу” балдар бакчасына, Сары-Таш орто мектебине бөлүнүп берилсин.
2. Курулуш материалдарын аталган мекемелерге бөлүп берүү үчүн айыл өкмөттүн карамагында комиссия түзүлсүн жана бөлүнүп берилген материалдар аталган мекемелердин балансасына кириштелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эсеновго милдеттендирилсин.
Сары-Таш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Эсенбаев |