Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-февралы № 10-4
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин муктаждыктары
үчүн бөлүнгөн 350 миң сом акча каражатын, түзүлгөн комиссиянын
аныктоосунун негизинде муктаждыктарына жараша бөлүштүрүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселерди карап,кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин муктаждыктарын чечүү үчүн Айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнгөн 350 миң сом акча каражатын, түзүлгөн комиссия жерине барып тактап, чечип ар бир мектептин муктажыгына жараша адилеттүү чечүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |