Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-февралы № 10-5-6
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жаштарынын «Жаркын келечек» коомдук
бирикмесинин уставын бекитүү, жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн демилгелүү жаштар тобунун төрагасы Мирзаев Нургазынын Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жаштарынын «Жаркын келечек » коомдук
бирикмесинин уставын бекитүү, жергиликтүү бюджеттен акча каражаттын бөлүү жөнүндөгү сунушун карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн демилгелүү жаштар тобунун 2013-жылдын 4-мартындагы
« Жаркын келечек» коомдук бирикмесин уюштуруу №1 жалпы чогулушунда талкууланып бекитилген жергиликтүү жаштарынын « Жаркын келечек » коомдук бирикмесинин иштелип чыккан уставы бекитилсин.
2. Жергиликтүү жаштардын « Жаркын келечек » коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы болуп Мирзаев Нургазы дайындалсын.
3. Жергиликтүү жаштардын « Жаркын келечек » коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөлөрү болуп төмөндөгүлөр дайындалсын.
1. Мирзаев Нургазы
2. Баатырбек уулу Талант
3. Юсупова Гүлина
4. Жергиликтүү жаштардын «Жаркын келечек» коомдук бирикмесинин текшерүү комиссиясынын курамы төмөнкүдөй курамда бекитилсин.
1. Мурзаев Адилбек - текшерүү комиссиясынын төрагасы.
2. Курбаналиева Гулай - текшерүү комиссиясынын катчысы.
3. Качыбаев Талант - текшерүү комиссиясынын мүчөсү.
5. Жергиликтүү жаштардын « Жаркын келечек » коомдук бирикмесинин Жобосун облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы коомдук бирикменин башкармалыгынын төрагасы Мирзаев Нургазыга милдеттендирилсин.
6. Жергиликтүү жаштардын « Жаркын келечек » коомдук бирикмесинин түзгөн иш чаралары үчүн кеткен акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берилсин.
7. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн, ошондой эле облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жөнөтүлгөн документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар туура экендиги белгиленсин.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |