Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-февралы № 10-12
Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн өзүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин өзүнүн жеке менчик машинасын айыл өкмөтүнүн кызматык автоунаасы катары пайдалануу үчүн мыйзам чегинде айыл өкмөтү менен айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин ортосунда кызматтык келишим түзүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелерди кызуу талкуулап чыгып,депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Керме-Тоо айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн өзүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин өзүнүн жеке менчик машинасын айыл өкмөтүнүн кызматык автоунаасы катары пайдалануу үчүн мыйзам чегинде айыл өкмөтү менен айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин ортосунда кызматтык келишим түзүлсүн.
2. Айыл өкмөтү менен айыл өкмөтүнүн тургуну Маматов Таалайбектин ортосунда кызматтык келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
А. Атазаковго жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Гүлжигитов |