Редакцияот 03.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы

 

2014-жылдын 3-июну № 13-3

Гүлбаар айылынын тургуну Токторова Гүлжамалга

өзү иштеген № 8 /ДТнүн имаратындагы аптеканы

(дарыкана) ижарага бекитип берүү жөнүндө

 

Керме -Тоо айылдык кеңешинин депутаттары Гүлбаар айылынын тургуну Токторова Гүлжамалдын өзү иштеген № 8 /ДТнүн имаратындагы аптеканы (дарыкана) өзүнө ижарага бекитип берүүсүн суранып кайрылган арызын карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлбаар айылынын тургуну Токторова Гүлжамалга өзү иштеген № 8 /ДТнун имаратындагы аптека (дарыкана) ижарага бекитилип берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С. Гүлжигитовго жүктөлсүн.

 

Керме-Тоо айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Тажибаев