Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-августу № 15-1
Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги 6.10 га жайыт жер аянтын «Жа-Янг-Пирим» ЖЧКна цемент завод куруу үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде ажыратып берүү жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги 1-маселе боюнча Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден 6.10 га жер аянтын «Жа-Янг-Пирим» ЖЧКна цемент завод куруу үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде ажыратып берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун сунушун өз ара карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден 6.10 га жер аянтын «Жа-Янг-Пирим» ЖЧКна цемент завод куруу үчүн эки тараптуу келишимдин негизинде ажыратып берүү жөнүндөгү Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Гүлжигитовдун сунушу канаатандырылсын.
2. Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги жайыт жерден 6.10 га жер аянтын
эки тараптуу келишимдин негизинде «Жа-Янг-Пирим» ЖЧКна 49 жылга убактылуу колдонууга цемент завод куруу үчүн берилсин.
3.Тийиштүү документтерди жасап бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Цемент завод куруу анын материалдык техникалык базасын чыңдоо жана жана башка ушул сыяктуу иштерди жүргүзүү «Жа-Янг-Пирим» ЖЧКна жүктөлүсүн.
5.Араван райондук мамлекеттик администрациясынан жогорудагы аталган
6, 10 га жайыт жер аянтын, «Айыл чарба багытындагы жерлер түрүнөн», «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуунун жана башка түрдөгү жерлер» түрүнө которуу боюнча токтом чыгарып берүү жагы суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана аграрадык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |