Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-августу № 15-2
Чек-Абаддагы № 112 кесиптик-техникалык окуу жайынын базасында анын филилалын Гүлбаар айылындагы № 10 Токтогул атындагы орто мектебинин эски имаратында ачуу жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе боюнча Гүлбаар айылынын тургуну А.Токтобаевдин Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүнө карашатуу № 112 кесиптик-техникалык окуу жайынын базасында анын филилалын Гүлбаар айылындагы № 10 Токтогул атындагы орто мектебинин эски имаратында ачуу жөнүндөгү сунушун өз ара карап,кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын тургуну А.Токтобаевдин Төө-Моюндагы № 65 кесиптик-техникалык окуу жайы Гүлбаар айылынан 64 км алыстыкта жайгашкандыгына байланыштуу анын ордуна Араван районунун борборунда жайгашкан № 112 кесиптик-техникалык окуу жайынын базасында анын филилалын Гүлбаар айылындагы № 10 Токтогул атындагы орто мектебинин эски имаратында ачуу жөнүндөгү сунушу канаатандырылсын.
2. № 10 Токтогул атындагы орто мектебинин эски имараттарынын четиндеги корпусунан 4 класс комната жана бир зал, эки тараптуу келишимдин негизинде № 112 кесиптик-техникалык окуу жайына берилсин.
3.Тийиштүү документтерди жасап бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Окуу жайдын материалдык техникалык базасын чыңдоо жана оңдоп түзөөиштерин жүргүзүү № 112 кесиптик-техникалык окуу жайынын администрациясына жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин соц. маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |