Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 21-августу № 15-3
Гүлбаар айылындагы Жеңиш участкасындагы чоң жолдун боюнан жана Жаңы-Жол участкасындагы чоң жолдун боюнан айыл чарба багытына кирбеген жер аянтын жеке менчикке сатуу жѳнүндѳ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселелер боюнча айыл ѳкмѳтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адиси Шерматов Абдиллабектин Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасындагы чоң жолдун боюнан айыл чарба багытына кирбеген 100 м.кв жер аянтын жана Жаңы-Жол участкасындагы чоң жолдун боюнан айыл чарба багытына кирбеген 100 м.кв жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу жѳнүндѳ сунушун ѳз ара карап, кызуу талкуулап, тѳмѳндѳгүдѳй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Керме-Тоо айыл ѳкмѳтүнүн Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасындагы чоң жолдун боюнан айыл чарба багытына кирбеген, айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык жеринен 100 м.кв жер аянтын жана Жаңы-Жол участкасындагы чоң жолдун боюнан айыл чарба багытына кирбеген, айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык жеринен 100 м.кв жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу жѳнүндѳгү айыл ѳкмѳтүнүн жер жана агрардык маселелер боюнча башкы адиси Шерматов Абдиллабектин сунушу канааттандырылсын.
2. Керме-Тоо айыл ѳкмѳтүнүн Гүлбаар айылынын Жеңиш участкасындагы чоң жолдун боюнан айыл чарба багытына кирбеген, айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык жеринен 100 м.кв жер аянтын жана Жаңы-Жол участкасындагы чоң жолдун боюнан айыл чарба багытына кирбеген, айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык жеринен 100 м.кв жер аянтын аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу иштери тийиштүү документтерди даярдоо менен мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктѳлсүн.
Керме-Тоо айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Тажибаев |