Редакцияот 14.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XI сессиясы

 

2014-жылдын 14-февралы № 44-4/4

“Кайра бөлүштүрүү жерлерин ижарага бөлүп берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин « Айыл чарбалык жерлерин бөлүп берүүнүн өзгөчүлүгү жөнүндө» № 30- беренесине ылайык , жана 2-п. негизинде (айыл чарба жерлерин бөлүп берүү учурунда айыл аймагында жашаган КР-нын жарандары көбүрөөк укугу бар) , ошондой эле « Айыл чарбалык кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүп берүү боюнча тартиби жөнүндө Жобонун» 4-бөлүгүнүн 69-70- п.п. негизинде Петровка айыл аймагынын Кенеши

ТОКТОМ ЧЫГАРДЫ:

1. Айыл чарбалык жерлер Петровка айыл аймагында каттоосу бар жашаган жарандарга ижарага берилсин.

2. Жерлерди колдонуу боюнча перспективдүү мерчемге ылайык кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери начар жашаган жана социалдык жолдомосу бар жарандарга ижарага түздөн түз сынагы жок берилсин.

3. Токтомду жер боюнча комиссия колдонууга жана аткарууга кабыл алсын.

 

Петровка айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

И. Бейшеналиев