Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVIII сессиясы
2014-жылдын 12-ноябры № 66-3
“Айыл чарба жерлеринин тилкесин которуу жөнүндө”
2014-жылынын 15-майындагы Петровка а/ө № 86-р буюрмасынын негизинде 2014-жылынын 10-сентябрындагы чарбалык жерлерди инвентаризациядан өткөрүү боюнча комиссиянын актысын окуп жана талкулап төмөнкү каталар белгиленди:2008-жылы инвентаризация учурунда Кызыл-туу айылынын № 94-контурда 29,7 га, № 96-контурда -22,6 га, «Присельный» контурунда № 425 -75,1 га Мамлекеттик Фондусунун жери болуп саналат
Далил боюнча № 96-контурда Айсариев З.-дин «Айсары» дыйканчарбасында -13,09 га жер үлүшү, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын 1996-жылынын 18-апрелинин №441 - Токтому аркылуу Мамлекеттик актысынын негизинде берилген.Ошондой эле «Каныкей» чарбасы- 3,85 га 1997-жылынын 9-апрелинде № 322- Токтомдун негизинде берилген.
№ 94, 96- контурларда КуцаеваЗ.Т. – 11, 9 га «Иса» дыйкан чарбасынын жер үлүшү, 2997-жылынын 29-октябрында № 1010 –Токтомдун негизинде берилген.
№ 425- контурда Лепшаков Б. – 10,82га «Марьям» дыйкан чарбасынын жер үлүшү, 1995-жылынын 18-майындагы № 289-Токтомдун негизинде берилген, анын ичинен 1,5 га Мамлекеттик Фондусунун айыл чарба жеринин чегинде берилген.
Жогорудагы фактылар боюнча Мамлекеттик айыл чарбалык жерлеринин Фондусу жана жер үлүштөр бир контурларга туш келген.
Петровка айыл аймагынын Кенеши
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Мамлекеттик айыл чарба Фондусунун жерлери :96-контурдагы- 22,6 га, № 94-11,9га, 425- 1,5 га баардыгы – 30,34 га 425-контурга которулсун.
2. № 96-22,6 га, 94-11,9 га, 425- 1,5 га баардыгы 30,34 га мамлекеттик актылардын негизинде жер үлүш болуп бекитилсин.
3. № 425-контурдагы 30,34 га жери Мамлекеттик айыл чарба Фондусунун жери болуп саналсын.
4. «Кыргызгипрозем» жер агрохимикалыкстанциясына жана Москва районунун мамлекеттик каттоо бөлүмүнө Петровка а/а жерлеринин өзгөртүүлөрү боюнча сураныч кат жиберилсин.
Петровка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Бейшеналиев
|