Редакцияот 06.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 5 сессиясы

 

2013-жылдын 6-апрели № 23

Айыл өкмөтүнүн боюнча комиссиянын сандык,сапаттык курамын бекитүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы «Жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндөгү» № 177- токтомун жетекчиликке алуу менен Кароол айылдык кеңешинин V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атуулдарга жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүү үчүн комиссиянын сандык, сапаттык курамы төмөнкүдөй болуп бекитилсин.

1. Эшенкулов С.- айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары , комиссиянын төрагасы

2. Абышов Р. – жер маселелери боюнча сектор башчы, комиссиянын төрагасын орун басары

3. Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын өкүлү

4. Райондук «Мамкаттоо» башкармалыгынын өкүлү

5. Тыныкулов А. – айылдык кеңештин депутаты, мүчө

6. Көкөнов П. – Мырза-Арык айылынын айыл башчысы, мүчө

7. Сыдыков Р. - Кароол айылынын айыл башчысы, мүчө

8. Калматов С. – Шералы айылынын айыл башчысы, мүчө

9. Самидинов А. – ардагерлер кеңештин төрагасы

10. Саитов Р. – айылдык кеңештин депутаты, мүчө

11. Саипбаев Н - айылдык кеңештин депутаты, мүчө

2. Түзүлгөн комиссияга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы «Жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча Жобону бекитүү жөнүндөгү» № 177- токтомун жетекчиликке жана аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев