Редакцияот 08.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы

 

2014-жылдын 8-октябры № 2

Тамеки өсүмдүгүн өндүрүү боюнча Сунел Табак компаниясы менен жүргүзүлүп жаткан иштер, сатып алынган тамеки үчүн төлөнүүчү салыктар жана бонус акчалары жыйналышы жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы фермерлар Сунал Табак компаниясы менен көп жылдардан бери тамеки өсүмдүгүн өндүрүү боюнча чогуу иштеп келе жатат. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү Сунел Табак корпорациясын эл менен иштөөсү үчүн керек болгон бардык шарттарды түзүп берүүгө арекет кылып келген. Сунел Табак компаниясы айыл аймагындагы өндүрүштүк иштерди өз убагында аткарылышы үчүн финансалык жардамдарын көрсөтүп келген. Бирок 2014-жылга келип бул компаниясы өзүнүн ишмердүүлүгүн өзгөртүп айыл өкмөтү менен байланышты үзүлүштөргө жол берип жатат. 2013-жылдын түшүмүнүн сатып алуу иштери боюнча бонус акчаларын бергени жок. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү Ноокат районунда өндүрүлгөн тамекини 51 пайызын жеткирип берет. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетин бекиткен убаытта сатылган 1000 тоннадан көп тамекинин бонус акчаларын, жана тамеки сатып алуу боюнча төлөнүшү керек болгон салык суммаларын эсептеп жергиликтүү бюджет бекитилген. Аталган салык каражаттары өз убагында айыл өкмөтүнө берилбегендигинен айылдагы социалдык-өндүрүштүк иштер үчүн пландаштырылган иштер аткарылбай жатат. Айыл аймагындагы социалдык объектилерди 2014-2015-күз кыш мезгилине даярдоо иштери аткарылбай жатат.

 2014-жылдын түшүмү үчүн эгилген тамекини сатуу иштерин алдынан Сунел Табак компаниясы кайрылып маселени кабыргасынан коюууну сунуш кылуу маселесин карап чыгып жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу фермерлер тарабынан 2013- чарбалык жылында өндүрүлүп Сунел-Табак компаниясы сатылган тамеки продукциясы үчүн берилүүчү бонус акчалары жана тамеки алып-сатуу боюнча төлөнүүчү салыктар боюнча 2014-жылга карата Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү менен маалымат алмашуу Сунел Табак компаниясына билдирилсин.

 2. Жаңы-Ноокат айыл аймагында 2014-жылда өндүрүлүп Сунел Табак корпорациясы тарабынан сатып алынуучу тамеки продукциялары үчүн бонус акчалары, жогорку сорттогу тамеки үчүн сыйлыктар берилиши жана тамекини сатып алуу жана сатуу боюнча төлөнүүчү салыктар боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү менен өз-ара эсептешүү иштери жүргүзүлбөсө 2015- чарбалык жылында тамеки продукциясы ордуна төө бурчак өсүмдүгү эгилиши Сунел- Табак корпорациясына билдирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын бюджеттик маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Имамов