Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVI сессиясы
2014-жылдын 3-декабры № 2
Жаңы-Ноокат айылында өтүп жаткан той марекелерде артыкча
чыгымдарга жол бербөө чаралары жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында өткөрулүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол берүү иштери күчөп жатат. Эл арасында канчалык түшүндүрүү иштерин жүргүзулүшүнө карабастан өткөрүлүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол берилип жатат. . Бир канча жолу той марекелерди өткөрүүдө артыкча чыгымдарга жол берген айыл тургундарын Аксакалдар сотуна чакырып, сүйлөшүүлөр болгон,бирок иштин натыйжасы жакшы эмес. Мамлекет тарабынан, бул маселеге мыйзам чегинде чаралар колдонулушу боюнча анык көрсөтмөлөр болсо артыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча иштин натыйжасы жакшы болот деген тыянакка келип
Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясы заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылында өтүп жаткан той марекелерде артыкча чыгымдарга жол бербөө боюнча айыл өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн.
2. Өткөрүлүп жаткан той-марекелерде артыкча чыгымдарга жол берген айыл тургундарына мыйзам чегинде чаралар колдонулушу боюнча мыйзамда каралган жоопкерчиликты ашыруу боюнча жогору турган органдарга сунуш берүү жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулугу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |