Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 3-декабры № 5
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүндө жашоочу мектеп окуучуларын мектепке ташып келүү үчүн 25000 сом акча каражаттары бөлүп берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта-Тал айылынын Күнгөй бөлүмүндө мектеп жоктугунан ал жерде жашоочу айыл тургундарынын балдары 132 окуучу Катта-Тал айылынын Шалдирама бөлүмүнө 3-4 км талаа жолун жоо жүрүп басып келышын карап чыгып алардын окуу сабактарын калтырбастыгы үчүн айыл тургундары тарабынан сатып алынган автотранспортка күүйүчу материалдарын сатып алып берүү үчүн акча каражаттарын бөлүп берүү маселесин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен сырткары сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Күнгөй бөлүмүндө жашоочу мектеп окуучуларын мектепке ташып келүү үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 25000 сом акча каражаттарын бөлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөсүн айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |