Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII сессиясы
2014-жылдын 3-декабры № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу
боюнча таза суу программасын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу тургундарды таза суу менен толук камсыз кылуу боюнча айыл башчылар тарабынан алдын ала такталып даярдалган иш кагаздарда көрсөтүлгөн айыл аймагындагы 42.7 км аралыктагы суу түтүктөрүн көбөйтүү жана кайра куруу үчүн 51250.0 сом акча каражаттары керектүүлүгүн карап чыгып жана талкулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айыл калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча 42.7 км аралыктагы суу түтүктөрүн көбөйтүү жана кайра куруу үчүн 51250.0 сом акча каражаттары боюнча программасын бекитилсин.
2 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Имамов |