Редакцияот 09.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз I сессиясы

 

2015-жылдын 9-апрели № 1

Дара участкасынын жамаатынын сунушун кароо жөнүндө

Дара участкасынын жамаатынын сунушун талкуулап Чоң-Алай айылдык аймактык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара участкасынын жамаатынын сунушу эске алынсын

2. Дароот-Коргон айылындагы Дара участкасына түшүүчү бала бакчага маркум Козуибраимова Айшанын аты ыйгарылсын.

3. Юридикалык документтерин мыйзамдаштыруу Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевке милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д. Молдоболотов