Загрузка документа…
САДОВОЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Садовое айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын V сессиясы
2014-жылдын 26-февралы № 112
“Садовое а/аймагында жер салыгын жана
мүлк салыгын киргизүү жөнүндө”
КР нын Салык Кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнө жана КР нын 17-октябрь 2008-жылы №231 “Кыргыз Республикасында Салык кодексин аракетке келтирүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3- бөлүгүнө ылайык Садовое айылдык аймагынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2015-жылдын 1-январынан баштап Садовое айылдык аймагында төмөнкү салыктар киргизилсин:
- мүлккө салык;
- жер салыгы.
2. Азыркы токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрлештирүү КРнын Салык кодексине ылайык ишке ашырылат.
3. Азыркы токтомду каттап , ченемдүү актылардын Мамлекеттик реестрине каттоо үчүн Юстиция Министрлигине жиберилсин .
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Азыркы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Садовое а/ө башчысы М.Т.Долеткуловго тапшырылсын.
Садовое айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Л.П. Полтавцева |