Редакцияот 04.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

 

2015-жылдын 4-февралы № 23/6

Кызыл-Алай орто мектебине бала-бакча ачуу жөнүндө

Кызыл-Алай айылында бала-бакча жок болгондугуна байланыштуу Д.Эсенованын билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн балансасында турган, Кызыл-Алай орто мектебинин эски имаратынан, бир жак бөлүмүнөн, бала-бакча ачуу үчүн 4 бөлмөсүн бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

2. Бала-бакча ачуу үчүн тиешелүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Н.Туркбаевге жана Д.Эсеновага милдеттендирилсин.

3. Бала-бакчанын штаттык курамын чечип берүү жагы Алай РБББ суралсын.

4. Ушул токтомду аткаруу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.

 

Үч-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Калыбеков