Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 24/2
2014-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн
социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2014-жылга аткарылышы
Социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2015-жылга бекитүү жана 2016-2017-жылга болжолдуу пландарын бекитүү.
2014-жылдын башында бекитилген Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2014-жылга аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2015-жылга бекитүү жана 2016-2017-жылдарга болжолдуу пландары боюнча айыл өкмөтүнүн башкы адиси ,экономист-статист Т.Термечиковдун билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын 2014-жылга аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын планы кабыл алынсын.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнун орто аралыктагы 2016-2017-жылдарга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиясынын аткарылышы жөнүндө ,пландагы көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылуу боюнча ,зарыл болгон уюштуруучулук жана массалык иштерди туруктуу жүргүзүү жагы , Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысына ,менчигинин түрунө карабастан айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |