Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 24/3
Айыл өкмөтүнүн акыркы 2004 -2014- жылдар арасында
ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдөн ,
ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц.объектилердин,
сатылып алынган негизги каражаттарынын баланска алынып
кириштелиши жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн акыркы 2004-2014-жылдар арасында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдөн ,ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц.объектилердин, сатылып алынган негизги каражаттарынын баланска алынышы кириштелиши боюнча угуп талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн акыркы 2004-2014-жылдар арасында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдөн ,ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц.объектилерди кайрадан тактап ,негизги каражаттардын эсебине кириштелип баланска алынсын.
2. Баланска алуу үчүн документтерди тактоо айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистеринен суралып айыл өкмөтүнүн балансасына кириштөө жагы ФЭБ башчысы А.Арыковго милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик эмес уюмдар жана демөөрчүлөр тарабынан бүткөн объекттердин тиешелүү документтерин тактоо , жогорудагы токтомдун талаптары менен аткарылбаса укук коргоо органдарына билдирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |