Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 24/4
“Кичи-Каракол” балдар-бакчасындагы тарбияланып жаткан
балдардын тамак-аш үчүн ата-энелер тарабынан кошумча
төлөнүүчү төлөмдөр 300 сом өлчөмүндө бекитип берүү жөнүндө
Кичи-Каракол балдар-бакчасынын ата-энелер жыйынынын 2015-жылдын 15-январындагы № 3 протоколунун негизинде . Кичи-Каракол балдар-бакчасындагы тарбияланып жаткан балдардын тамак-аш үчүн төлөнүүчү төлөмдөр 300 сом өлчөмүндө белгиленгенин бекитип берүү максатында Үч-Төбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Каракол балдар –бакчасынын ата-энелер жыйынынын 2015-жылдын 15-январындагы № 3 протоколунун негизинде ,Кичи-Каракол балдар бакчасындагы тарбияланып жаткан балдардын тамак-аш үчүн ата-энелер тарабынан кошумча төлөнүүчү төлөмдөр 300 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Кичи-Каракол балдар-бакчасынын башчысы Г.Абдыкадыровага жүктөлсүн.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |