Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 24/6
Элет жаштарынын спортко болгон кызыгуу демилгелеринин
жана айылдык Кеңештин депутаты Жумабай уулу Медердин
жаштарды спортко тартуу максатындагы депутаттык
суроо-талабын кароо жөнүндө
Үч-Төбө айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Каракол айылындагы муниципалдык менчикте турган 0,18 га жер,жаштар үчүн спорт комплексине бөлүнгөн аянтчасын курууга 0,18 га бөлүнүп берилип,айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. Бөлүнгөн аянтчасынын айланасын тосуу үчүн, керектүү курулуш материалдарды сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
3.Спорт комплексин курууда курулуштун проектисин жана башка керектелүүчү документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Туркбаевге милдеттендирилсин.
4.Спорт комплексин куруу үчүн инвесторлорду жана демөөрчүлөрдү тартуу айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |