Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 24/8
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Каракол
айылына таза суу чыгаруу үчүн жалпы жамааттын
жана демөөрчүлөрдүн демилгесин колдоо жөнүндө
2014-жылы 16-октябрда Чон-Каракол айылынын элдик жыйынынын № 5 протоколунун негизинде Чон-Каракол айылына айыл –элинин чыгаан уулдарынын жана көпчүлүк элдин демилгеси менен айылды таза-суу менен камсыз кылуу жагы каралгандыгы жөнүндө Чон-Каракол айылынын айыл башчысы Б.Эшназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Үч-Төбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Каракол айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча, демөөрчулөрдүн жана айыл тургундарынын демилгеси колдоого алынып, долбоор жактырылсын.
2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Каракол айылынын калкын таза суу менен камсыз кылууда тиешелүү документтерди даярдап көмөк көрсөтүү Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Туркбаевге жана айыл башчы Б.Эшназаровго милдеттендирилсин.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу Чон-Каракол айылын таза-суу менен камсыз кылууда жасалган жумуштардын техникалык,санитардык жумуштарын ж.б. нормалардын сакталышына көзөмөлдүк кылуу Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага жүктөлсүн.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |