Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
2015-жылдын 31-марты № 26/1
Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын жергиликтүү
жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө
Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы боюнча элдин пикирин ,сунуштарын эске алып,айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулоонун негизинде Үч-Төбө айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы бекитилсин.
2 Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын элге толук жеткирүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3 Алай районунун Үч-Төбө айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы А.Шамшиевага милдеттендирилсин.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |