Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2015-жылдын 29-апрели № 27/4
Элди жайлоого көчүрүү боюнча графигин белгилеп,бекитүү
жана жайлоо мезгилинде элдин жайытына түшкөн малдарга
салынуучу айып пулду аныктоо жөнүндө
Элди жайлоого көчүрүү боюнча графикти белгилеп,бекитүү жана жайлоо мезгилинде элдин жайытына түшкөн малдарга салынуучу айып пулду аныктоо.Сырттан келген малдардын жайыт акысын аныктоо жана ошол малдардын эмдөөдөн өткөндүгү боюнча маалыматын тактоо менен кышкы жайытты сактап калуу чараларын көрүү жөнүндө Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы З.Молдоташовдун билдирүүсүн угуп талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн элди жайлоого көчүрүү графиги бекитилсин:
10-15 майга чейин Кичи-Каракол жана Ак-Жай айылдары
15-20 майга чейин Ак-Босого,Кызыл-Алай,Чон-Каракол айылдары
2. Сырттан келген малдардын жайыт акысы төмөндөгүдөй аныкталып, жана ошол малдардын эмдөөдөн өткөндүгү боюнча маалыматын тактоо менен кышкы жайытты сактап калуу чараларын көрүү жагы жайыт комитетинин төрагасы З.Молдоташовго жана айыл өкмөтүнүн вет.адиси А.Опушовго милдеттендирилсин.
3. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон жайыттарды пайдаланышкандыгы үчүн мал башына акы взнос байлоонун өлчөмү боюнча таблица
№ | Малдын түру | Үч-Төбө а/ө калктын малы үчун бир малга бир жыл ичинде төлөнүүчү акы (сом)менен. | Башка айыл өкмөттөрүнөн келген малдар (район ичинде)
| Башка райондордон келген малдар үчүн бир баш малга бир сезон үчүн акы төлөнүүчү акы баа (сом)
|
1 | Уй (Бодо малга) | 100 | 150 | 150 |
2 | Кой ,эчки | 10 | 20 | 25 |
3 | Жылкы | 100 | 150 | 150 |
4 | Торпок,кулун | 40 | 50 | 60 |
5 | Эшек | 40 | 40 | 50 |
4. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн Шарт участкасы аркылуу ,башка айыл өкмөттөрүнөн жана башка райондордон келген малдарды айдап өтүүгө тыюу салынсын.
5. Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамынын 10-беренесинин 5-пунктунун негизинде жайыт жерлеринен башка максаттарда пайдалануу ,тоют даярдоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү келишимдик
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Калыбеков |