Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2014-жылдын 29-апрели № 45
Кайрат айылынын борбордук көчөсүнө Кадыров Алтымыштын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Зергер айылдык Кеңешинин кезексиз 9-сессиясы Кайрат айылынын 2014-жылдын 26-апрелиндеги жалпы элдик жыйынын сунушун карап чыгып жана «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын сунунушунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрат айылынын борбордук көчөсүнө эмгек ардагери маркум Кадыров Алтымыштын ысмы берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Зергер айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Ибраимов |