Загрузка документа…
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 93
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу № 5 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу № 5 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ата-энелеринин жалпы чогулушунун чечиминин жана дем берүүчү гранттын жобосунун негизинде Куршаб айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куршаб айыл өкмөтүнө караштуу № 5 «Наристе» мектепке чейинки билим берүү мекемесин капиталдык ремонттон өткөрүү жана санитардык инфраструктурасын оңдоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен проектте жазылган сумманын 10% пайызы бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы: | Т. Ахунов |