Редакцияот 17.09.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН

ТОКТОМУ

2009-жылдын 17-сентябрындагы №4

Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставын Жайыл районунда Чуй облусунда бекитүү жөнүндө

 

     Кара-Балта шаардык Кенешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамынын  15-беренесиндеги 4-пуктуна ылайык "Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө" ошондой эле, Кыргыз Республикасынын   мыйзамдарына Конституциясынын талаптарына ылайык келүү үчүн № 01-11\817 04.09.2009-жылдагы Чуй облусунун юстиция Башкармалыгынын корутундусун ылайык деп таануусун

 

Токтом кылды:

 

1.  Чуй облусунун юстиция Башкармалыгынын №01-11\817 04.09.2009-жылдагы корутундусун Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарынын талабына ылайык экендигин таануу жана эске алуу.

2.  Кара-Балта шаардык жергиликтуу жамаатынын Уставын тиркемеге ылайык бекитүү.

3.  Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик  ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынан чагылдырып, андан сон Кыргыз Республикасынын  юстиция Министрлигине жиберүү шаар Башкармалыгына дайындалсын.

4.  Бул токтомдун жүзөгө ашырылышы уюштуруу-укуктук маселелери, коомдук уюмдар менен иш алып баруусу туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

Таркатылсын: т\к, шаар башкармалыгына, маалымат берүү каражаттарына, КР юстиция министрлигине, иш кагазына.

 

 

Шаардык кеңешинин төрагасы

Трукмен уулу Тилек