ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2009-жылдын 6-октябрындагы №10
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ VII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
Шаардык көчөлөргө мораторий жарыялоо жөнүндө
Шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жетекчиси К. Алдосовдун маалыматын угуп, шаардык кенештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, Жалал-Абад шаардык кенешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ленина, Эркиндик, Чехова, Пушкина кочолорунон муниципалдык жерлерди сатууга жана ижарага берууго мораторий жарыялансын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун.
3. Ушул токтом кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т. Энназаров
|