Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009- жылдын 19-ноябры №136
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жѳнүндѳ
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жѳнүндѳ Ош шаарынын биринчи вице мэри А.Алановдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жѳнүндѳ Ош шаарынын биринчи вице мэри А.Алановдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов):
- Ак-Буура дарыясынын үстүнѳ, жээгине курулган, курулуш эреже-нормалары сакталбаган жана архитектуралык уруксат иш кагаздары туура эмес берилген жѳѳ жүргүнчүлѳр жүрүүчү кѳпүрѳлѳрдү жана кѳпүрѳлѳрдүн үстүндѳ жайгашкан соода күркѳлѳрүн курулуш эреже-нормаларынын талабына ылайык болбосо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бузуп салуу;
- Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2007-жылдын 10-августундагы №248-токтому менен бекитилген "Ош шаарында курулуштарды куруунун жана жерди пайдалануунун Эрежесинин" 28-беренесинин талаптарын сактабай курулган кѳпүрѳлѳрдү, курулуш эрежелерине жооп бербеген курулуштарды иретке келтирүү;
- ушул токтомдун аткарылышы боюнча 2010-жылдын январь айында депутаттардын Ош шаардык Кеӊешине жазуу жүзүндѳ маалымат берүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктѳлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык кеӊешинин тѳрагасы |
Д.Алимбеков
|