Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009- жылдын 19-ноябры №139
Жапалак аймактык башкармасынын аймагында селди агызуучу каналдын курулушу жөнүндө.
Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 2-ноябрындагы № 378/01-07 Жапалак аймактык башкаруусунун аймагында селди агызуучу каналдын курулушу жөнүндөгү маселесин сессияда карап берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 11-ноябрындагы отурумунун №20-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарына караштуу Жапалак аймактык башкаруусунун аймагындагы селди агызуучу каналды курууга 2.15 гектар жер тилкесин айыл чарба багытындагы жер категориясынан трансформациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |