Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19 - ноябры №140
Ош шаарынын "Аральская" көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 10-ноябрындагы №07/10-110 катын карап жана талкуулап, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2009-жылдын 30-октябрындагы №4-протоколун эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 11-ноябрындагы №22-токтомунун негизинде, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, "Данк Орденинин" I,II,III даражадагы толук кавалери жана эрдиги үчүн көптөгөн медалдар менен сыйланган маркум Абдурашид Парпиевдин элесин урматтап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын "Аральская " көчөсүнүн аты өзгөртүлүп, мындан ары "Абдурашид Парпиев атындагы көчө" деп аталсын.
2. Көчөнүн аты жазылган көрнөктөрдү даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармасына (Т.Салиев) милдеттендирилсин.
3. "Абдурашид Парпиев" атындагы көчөдөгү көрнөк такталарды алмаштырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (А.Тешебаев) "Абдурашид Парпиев" атындагы көчөнүн тургундарын кайрадан каттоо жагы милдеттендирилсин.
5. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Осмонов), шаардык нотариалдык кенсесине (Л.Тажиева) "Абдурашид Парпиев" атындагы көчөнүн тургундарын кайра каттоо мамлекеттик алымсыз, бекер жүргүзүү милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |