Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19 - ноябры №142
Ош шаарында жайгашкан
балдар бакчасынын аттарын өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 10-ноябрындагы №07/12-1379 катын карап жана талкуулап, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүү боюнча комиссиянын 2009-жылдын 30-октябрындагы №4-протоколун эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 11-ноябрындагы №22-токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын "Билим берүү жөнүндөгү" мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген "Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралу" Жобосунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарында жайгашкан балдар бакчаларынын аттары өзгөртүлүп, мындан ары №1- тиркемесине ылайык аталсын.
2. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Осмонов) аты өзгөртүлгөн балдар бакчаларын кайра каттоо милдеттендирилсин.
3. Ош шаарындагы балдар бакчаларын кайра каттоого кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык финансы башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Балтабаев) Ош шаарындагы балдар бакчаларынын аттары өзгөргөндүгүнө байланыштуу документтерге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылуу милдеттендирилсин.
5. Аталган токтомдун аткарылышы жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсү депутаттардын Ош шаардык Кеңешине 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылдын
19 - ноябрындагы кезексиз
XVI сессиясынын
№ 142 -токтомуна
№ 1-тиркеме
Катар номери | Балдар бакчасынын номери | Мурдагы аталышы | Жаңы аталышы |
1 | № 1 | "Чебурашка" | "Жибек" |
2 | № 10 | "Звездочка" | "Жылдызча" |
3 | № 13 | "Манас" | "Кыял" |
4 | № 21 | "Елочка" | "Балаты" |
5 | № 22 | "Светофорик" | "Ак жолтой" |
6 | № 25 | "Семицветик" | "Ак тайлак" |
7 | № 27 | "Ласточка" | "Чабалекей" |
8 | № 29 | "Айболит" | "Дарман" |
9 | № 30 | "Ромашка" | "Айданек" |
10 | № 32 | "Теремок" | "Береке" |
11 | № 33 | "Дустлик" | "Достук" |
12 | № 35 | "Асан-үсөн" | "Асан-үсөн" |
13 | № 36 | "Малышок" | "Балакай" |
14 | № 37 | "Байчечекей" | "Байчечекей" |
15 | № 39 | "Солнышко" | "Күн нуру" |
16 | № 40 | "Наристе" | "Наристе" |
17 | № 41 | "Дюймовочка" | "Ак-тилек" |
18 | № 42 | "Золушка" | "Жоогазын" |
19 | № 46 | "Келечек" | "Келечек" |
20 | № 48 | "Росинка" | "Гүлдесте" |
21 | № 49 | "Зоренка" | "Таң шооласы" |
22 | №55 | "Гвоздика" | "Кулунчак" |
23 | № 61 | "Журавушка" | "Ак каркыра" |
24 | № 62 | "Аленушка" | "Каныкей" |
25 | № 66 | "Жомок" | "Жомок" |
26 | № 67 | "Родничок" | "Мөл-булак" |
27 | № 69 | "Мээрим" | "Мээрим" |
28 | № 70 | "үмүт" | "үмүт" |
епутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
З.Сасыкбаев |