Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-ноябрындагы №143
Ош шаарындагы үйлөрдү жылуулук энергиясы, жылуу суу менен камсыз кылуу жана анын ички
жылуулук системасын техникалык жактан тейлөө үчүн акча каражатын топтоо жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 366-06-07 "Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ичиндеги жылуулук системасын оңдоо үчүн каражат топтоо фондун түзүү жөнүндөгү" катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2009-жылдын 10-ноябрындагы отурумунун № 10-токтомунун жана Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун 2009-жылдын 12-ноябрындагы отурумунун №12-протоколунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарындагы жылуулук менен камсыз кылуу мекемелерине (Ош жылуулук электр борбору, "Жылуулук камсыздоо" райондор аралык өндүрүштүк бирикмеси) жылуулук энергиясын, ысык сууну пайдалангандыгы үчүн каражат топтоону атайын кабыл алынган баага ылайык, үйлөрдүн ички жылуулук системасын техникалык жактан тейлөөнүн баасын эске алуу менен жүргүзсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) милдеттендирилсин.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |