Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009- жылдын 19-ноябры №137
Ош шаарынын башкы планына, курулуш нормаларына жана эрежелерине туура келбеген коомдук тамактануу жайларын курууга жана учурда иштеп жаткан обьектилерди өзгөртүп, коомдук тамактануу жайларына (кафе, ресторан, ашкана ж.б.) кайра курууга тыюу салуу жөнүндө
Ош шаардык мэриясынын 2009-жылдын 2-ноябрындагы №378/01-07 Ош шаарынын башкы планына, курулуш нормаларына жана эрежелерине туура келбеген коомдук тамактануу жайларын курууга жана учурда иштеп жаткан обьектилерди өзгөртүп, коомдук тамактануу жайларына (кафе, ресторан, ашкана ж.б.) кайра курууга тыюу салуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2009-жылдын 11-ноябрындагы №21-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын мэриясына (М Мырзакматов):
- курулуш эрежелеринин талаптарына жооп бербеген жана Ош шаарынын башкы планына туура келбеген жеңил типтеги убактылуу курулган курулуштарды бузуу жана алардын аймактарын көрктөндүрүп, баштапкы абалына келтирүү;
- учурдагы Ош шаарынын аймагында турак-жайга болгон муктаждык өсүп жаткандыгын эске алып жана турак-жай фондусун сактап калуу максатында шаардын көчөлөрүн бойлото тургузулган турак-жай имараттарын кайра профилдештирүүгө курулуш эрежесинин жана нормаларынын негизинде тыюу салуу;
- эч кандай техникалык жана архитектуралык корутундулары жок, өз алдынча пландары өзгөртүлүп, реконструкциялаштырылган көп кабаттуу турак-жайлардын батирлеринин жана жеке үйлөрдүн ээлерине мыйзам чегинде чара көрүү;
- Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинде, А.Навои, Г.Айтиев, Курманжан датка, Ленин көчөлөрүнүн боюнда жайгашкан тойканалардын (ресторандар), айрыкча "Согдиана", "Магнат" ресторандарынын, "Келечек", "Автозапчасти", "Тешик-Таш" базарларынын алдындагы жолдорго автоунаалар аркы-терки коюлуп, жолдор тосулуп, жол кыймылына, башка транспорт каражаттарынын өтүүсүнө жолтоо болуп жаткандыгына байланыштуу аталган обьекттердин ээлери атайын автоунаалар токтоочу жайларды 1 айлык мөөнөт ичинде уюштурушпаса, курулуш эрежесинин жана нормаларынын негизинде ал обьекттердин профилдерин өзгөртүп, башка максаттарда пайдалануу милдеттендирилсин.
3. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Осмонов) көп кабаттуу жана жеке турак-жай үйлөрдү бири-бирине өткөрүүдө, сатууда ГАСУнун корутундусусуз каттоодон өткөрбөө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Абдуллаев) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |