Редакцияот 02.12.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2009-жылдын 2-декабрындагы №123

Бишкек шаарынын аймагында энергия сактоо программаларынынмаксаттуу расчеттук эсебинин каражаттарын түзүү жана чыгымдоо жөнүндө Жобону бекитуу жөнүндө

Бишкек шаардык Кеӊешинин 2007-жылдын 15-октябрындагы №356 2006-2016 - жылдарга "Бишкек шаарынын имараттары үчүн энерго- натыйжалуулугу боюнча Муниципалдык программасы жөнүндө" токтомуна ылайк, энергия сактоо программаларына жана иш-чараларга багытталуучу бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана тазалыгын камсыз кылуу максатында Бишкек шаардык кеӊеш,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын аймагында энергия сактоо программаларынын максаттуу расчеттук эсебинин каражаттарын түзүү жана чыгымдоо жөнүндө Жобосу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Бул токтом белгиленген тартипте каттоодон өткүрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо аппарат жетекчиси Ю.С. Шкуропатовго жана вице-мэр З.И Бекбоевго жүктөлсүн.

 

Төрага   

А. Э. Суракматов