Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 2-декабры № 127
Бишкек шаарында географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо боюнча ишти тартипке келтирүү жөнүндө
Бул мыйзамды жетекчиликке алып, Бишкек шаарында географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо боюнча ишти тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын мэриясы проспекттерди, аллеяларды, аянттарды, шаардык жана айылдык сейил бактарды, бульварларды, көчөлөрдү жана туюк көчөлөрдү атоо жана кайра атоо боюнча документтерди кабыл алууну жана даярдоону ишке ашырсын жана Бишкек шаарынын мэриясынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясы карагандан кийин Бишкек шаардык кеңештин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизсин.
2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2001-жылдын 6-июлундагы № 78 "Бишкек шаарында географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо боюнча ишти тартипке келтирүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет органдарына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шааркурулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Дашков В.А.) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Э.Суракматов
|