Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-февралы № 158
Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-январындагы №8-"Кыргыз Республикасынын Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө" Жарлыгын, Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиянын 2010-жылдын 8-февралындагы №2 чечиминин негизинде жана депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясынын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтүү Курултайына шайланган делегаттарга алардын ыйгарым укуктарын ырастаган мандат берилсин.
2. Шайланган делегаттардын мандаттарын даярдоо жана аларды мандат ээлерине тапшыруу Ош шаарынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Комиссиясына (А.Аланов) тапшырылсын.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
4. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелеи боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Иминов) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |