Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 11-февралы № 159
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2009-жылда кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын төрагаларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө Ош шаарынын мэриясынын жана шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссияларынын төрагаларынын маалыматтары эске алынсын.
2. Толук аткарылбаган токтомдордун себептери бир айлык мөөнөттө такталсын жана аткарылбаган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык прокуратурасына тапшырылсын.
3. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).
4. Ушул токтом шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн (Т.Жоробеков).
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
Д.Алимбеков |