Редакцияот 20.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

20-май  2010-жыл № 166

 

Ош шаарында азыркы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө кайрылуу

 

 

Өлкөбүздө жана Ош  шаарында түзүлгөн азыркы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө болгон кайрылууну карап жана талкуулап, сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди, сунуштарды эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өлкөбүздө, анын ичинде Ош шаарында азыркы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө жана Ош шаарынын жарандарына болгон кайрылуулар кабыл алынсын.

2. Ош шаардык мэриясына (М.Мырзакматов):

- шаардык аймактык кеӊештерине шаарыбызда  бүгүнкү кырдаалда туруктуулуктун, улуттар аралык ынтымактын, биримдиктин сакталышы ар кандай бузуку аракеттерге жол бербес багытында иш алып баруу милдеттендирилсин;

- Ош шаарында бүгүнкү күндө түзүлгөн оор кырдаалды турукташтырууда, улуттар аралык мамилелерди чыӊдоодо кошкон салымы үчүн Өзбек улуттук-маданий борборунун президенти Ж.Салахуддиновду Кыргыз Республикасынын "Данакер" ордени менен жана Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы К.С.Асановду Кыргыз Республикасынын "Даӊк" медалы менен сыйлоо боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө кайрылуу жагы сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын Ош шаардык бөлүмүнө (А.Эшматов), Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Асанов), Ош шаардык прокуратурасына (Л.Жумабаев) түзүлгөн кырдаалга байланыштуу ар кандай мыйзамсыз аракеттерге жол бербей жана алдын алуу жагы милдеттендирилсин.

4. Аталган  токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов).

5. Кайрылуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын  (Б.Матисаков).

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияга (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д.Алимбеков