Редакцияот 20.06.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2010-жыл 20-июнь № 178

Ош шаарындагы борбордук жана жайма базарлардын, андагы соода-сатык дүкөндөрүнүн мындан аркы иштөөсү жөнүндө

Ош шаарынын мэриясынын 2010-жылдын 19-июнундагы № 235/08-6-араздашкан эки элдин ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салуу жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, ошондой эле сессияда айтылган депутаттардын ой-пикирлерин, сунуштарын эске алып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын аймагындагы, айрыкча борбордук базарды, жайма базарды жана "Ак-Буура" дарыясын бойлото жайгашкан соода-сатык дүкөндөрүн талап-тоноо аракеттеринин алдын алуу жана башаламандыктардын кайталануусун болтурбоо максатында алардын иштөөсү 2010-жылдын 20-августуна чейин токтотулсун.

2. Ош шаарындагы абалды турукташтыруу, шаардын тургундарынын  турмуш-тиричилигин өз нугуна түшүрүү максатында Ош шаарынын комендантына (К.Асанов) кайрылуу кат жиберилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (М.Мырзакматов) жана депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча  туруктуу депутаттык комиссиясына (Т.Жоробеков) жүктөлсүн.

 

Депутаттардын Ош шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Д.Алимбеков