Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2010-жыл 30-июль № 185
Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын Ош шаарынын 2010-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуу жѳнүндѳ
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин 2010-жылдын иш-планына ылайык Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын Ош шаарынын 2010-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкулап чыгып, депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2010-жылдын 21-июлундагы отурумунун №-14-токтомунун негизинде, ошондой эле сессияда чыгып сүйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын Ош шаарынын 2010-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бѳлүгүнүн аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына (Ж.Турганбаев):
- Ош шаарында болуп ѳткѳн коогалаӊдуу окуялардын натыйжасында жапа чеккен чарба субьекттердин жана жеке ишкерлердин тизмесин тактоо менен бирге жергиликтүү бюджеттин зыянын аныктап, Ош шаарынын 2010-жылга кабыл алынган бюджеттин так аткарылуусун камсыздоо боюнча ал зыяндарды республикалык бюджеттен компенсациялоо боюнча иштиктүү чараларды кѳрүү;
- мекеме-ишканалардын жергиликтүү бюджеттин алдындагы карызын азайтуу боюнча чараларды кѳрүү;
- жылдан жылга ѳтүп, ѳз мѳѳнѳтүндѳ тѳлѳнбѳй келе жаткан карыздарды ѳндүрүү;
- салык тѳлѳѳчүлѳргѳ ыӊгайлуу шарт түзүү менен салык салуулардын базасын кеӊейтүү;
- каттоодон ѳтпѳгѳн салык тѳлѳѳчүлѳр жана чарбалык субьекттерди каттоодон ѳткѳрүү боюнча иш-чараны камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
4.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктѳлсүн
Макулдашылды:
Аппарат жетекчи: З.Сасыкбаев
Бѳлүм башчы: М.Орунбаев
Юрист: М.Авазов
Аткаруучу: М.Раманов
Депутаттардын Ош шаардык Кеӊешинин тѳрагасынын орун басары | С.Аматова
|