Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН ОШ ШААРДЫК КЕНЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХXIV СЕССИЯСЫ
(II ЧАКЫРЫЛЫШ)
2010-жыл 30-июль № 186
Депутаттардын Ош шаардык Кенешине шаардын тургундарынан келип түшкөн арыз-даттануулардын негизинде Ош муниципалдык турак жай ишканасынын аткарган иштерин кароо жөнүндө
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин дарегине Ош шаарынын А.Масалиев проспектисиндеги, Ш.Руставели, Р.Абдыкадыров, Краснофлотская, Урицкая көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануучу мүлктөрүн техникалык тейлөө тарифтери боюнча келип түшкөн кайрылууларды текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Д.Кокочоровдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2010-жылдын 27-июлундагы № 3-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин дарегине Ош шаарынын А.Масалиев проспектисиндеги, Ш.Руставели, Р.Абдыкадыров, Краснофлотская, Урицкая көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарынан көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануучу мүлктөрүн техникалык тейлөө тарифтери боюнча келип түшкөн, кайрылууларды текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекси жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Д.Кокочоровдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (Хамдамов Б.М.) көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануучу мүлктөрүн техникалык тейлөө тарифтерин кайрадан карап чыгып депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (Мырзакматов М.Ж.) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу антимонополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмү (Жунусов А.С.) менен биргеликте көп кабаттуу турак үйлөрдүн жалпы пайдалануучу мүлктөрүн техникалык тейлөө тарифтеринин тууралыгын аныктоо жагы сунушталсын.
4. Ош шаарынын прокуратурасынан (Жумабаев Л.П.) жана Ош шаары боюнча финансалык полиция кызматы башкармалыгынан (Темирбаев Н.Ю.) Ош шаарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгынын финансалык-чарбалык ишмердигин текшерип, жыйынтыгын депутаттардын Ош шаардык Кеңешине билдирүү суралсын.
5. Аталган токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Авазов) жана шаардык "Ош шамы" гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин өнөр жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Кокочоров) жүктөлсүн.
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары |
С.Аматова |